Гулнозахон Рахматова КМШнын мыкты студенти аталды

Башкы Жаңылыктар

Гулнозахон Рахматова КМШнын мыкты студенти аталды

Image

Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун студенти Гулнозахон Рахматова КМШ өлкөлөрүнүн арасында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгында «КМШнын мыкты студенти» жана «21-кылымдын лидери» наамдарына ээ болду.

Сыйлык Казакстандын Астана шаарында «BILIM-ORKENIETI» Улуттук инновациялык илимий-изилдөө борбору тарабынан тапшырылып, жеңүүчүгө статуэтка жана I даражадагы диплом берилди.

Бул сынак КМШга кирген өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын студенттери арасында уюштурулуп, анда катышуучулардын билимге, илимге, спортко жана маданиятка кошкон салымы, ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышуусу бааланды.

«BILIM-ORKENIETI» – Казакстанда билим берүү, илим жана инновация багытындагы долбоорлорду, конкурстарды жана олимпиадаларды уюштурган коомдук-илимий уюм. Борбор университеттер жана билим берүү мекемелери менен кызматташып, студенттер менен жаштардын илимий жана чыгармачыл демилгелерин колдоп келет.



 

 

 

 

 

Фото галерея