ОшМУдагы курулуш: 140 орундуу бала бакча, 7 кабаттуу клиника

Башкы Жаңылыктар

ОшМУдагы курулуш: 140 орундуу бала бакча, 7 кабаттуу клиника

Окуу жайыбыз бир жылда эмне куруп, эмне жаңыртканын билгиңиз келеби? Санайбыз. 

2025-жылы «Ыйман» лицейи толук оңдолуп, кайра ишке берилди. 100 орундуу балдар бакчасы модернизацияланды. Курманжан-Датка көчөсүнүн №157 дарегинде жети кабаттуу медициналык клиника, №12 кесиптик лицейдин аймагында эки кабаттуу практика борбору, Монуев №5 дарегиндеги ОшМУга тиешелүү жер тилкеге тогуз кабаттуу жатакана учурда курулууда.  

  

Жыл ичинде бардык окуу корпустары оңдоп-түзөөдөн өтүп, аудиториялар, конференциялык залдар жаңыртылды. Университеттин өзүнүн эмерек цехи жаңы мебель, шкаф, стол жана стулдарды даярдап берди.

  

Бүгүнкү күндө ОшМУ 32 окуу имараты, эки медициналык клиника, 10 студенттик жана эки мугалимдер жатаканасы, заманбап спорт комплекстери, Ак-Буура жээгиндеги Congress Resort OshSU жана Ысык-Көлдөгү пансионат менен өлкөдөгү эң ири инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон университет.

    

ОшМУ – студент үчүн, сапаттуу билим үчүн, заманбап шарт үчүн иштеп жаткан университет!