ОшМУнун окутуучусу Кытайда «Мыкты окутуучунун образы» сыйлыгына ээ болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу Кытайда «Мыкты окутуучунун образы» сыйлыгына ээ болду

Image

ОшМУнун эл аралык билим берүү программалары колледжинин окутуучусу Гүлпери Кадырбекова Кытайда өткөн эл аралык педагогикалык иш-чарада «Мыкты окутуучунун образы» сыйлыгына татыды.

Сыйлык 18-19-декабрда Пекин шаарында уюштурулган «Кытай тилин окутуунун баатырларынын чемпионаты» аттуу коммуникациялык иш-чаранын алкагында тапшырылды. Анда Гүлпери Кадырбекова «Үй-бүлө» темасында ачык сабак өтүп, калыстар тобунан жогорку баа алды.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тажрыйба алмашып, мастер-класстарга, тегерек стол, кесиптик талкуулар жана интерактивдүү сабактарга катышты. Ошондой эле кытай тилин окутуунун заманбап ыкмалары жана эл аралык алдыңкы тажрыйбалар талкууланды.

Эл аралык жыйынга Кытайдын 34 жогорку окуу жайынан 36 окутуучу катышып, өздөрүнүн педагогикалык чеберчилигин жана инновациялык ыкмаларын көрсөтүштү. Гүлпери Кадырбекова 2025-жылдын октябрь айында Борбор Азия өлкөлөрүнүн кытай тили окутуучулары арасында өткөн сынакта байгелүү орунду ээлеп, аталган иш-чарага жолдомо алган.

Фото галерея