Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар консалтинг борборунун директору Абдижапар Аккулов, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун доценти Элмурат Обдунов 20-24-декабрга чейин Казан агрардык университетинде кызматтык сапарда болушту.
Алар студенттерге соңку учурда Кыргызстанда глобалдуу көйгөйгө айланган климаттын өзгөрүшү, температуранын жогорулашы, кургакчылыктын көбөйүшү боюнча баяндамаларады окушту. Ошондой эле жер көчкүдөн деградацияланган аймактарды калыбына келтирүү, климаттык өзгөрүүлөр шартында тоо экосистемаларын сактоо жана токой мелиорациясы менен биорекультивациялоо багытындагы изилдөөлөрү менен бөлүштү.
Сапардын жүрүшүндө делегация Казан мамлекеттик агрардык университетинин окумуштуулары менен жолугушту. Тараптар биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, студенттик алмашуу программаларын ишке ашыруу боюнча меморандум түзүүнү талкуулашты. Ошондой эле дарактар менен бадалдардын уруктарын жана көчөттөрүн алып кетип, Кыргызстандагы токой интродукциясын кеңейтүү үчүн практикалык иш-чараларды жүргүзүүнү макулдашты.