24-декабрда ОшМУнун кыргыз-кытай факультетинин жыйырма студентине Кыргызстандын түштүк аймагындагы Кытай ишкерлеринин ассоциациасынын стипендиясын тапшыруу аземи өттү. Стипендиянын өлчөмү – 10 миң сом.
Иш-чарага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, “Хуа Чжу” кытай ишкерлеринин ассоциациясынын жардам борборунун өкүлдөрү, ишкер уюмдардын мүчөлөрү, окутуучулар жана студенттер катышты.
Стипендиялар ассоциация жана кыргыз–кытай факультетинин бүтүрүүчүлөрү тарабынан берилди. Ошондой эле Улуу Кытай дубалы альянсы факультетке 200 миң сомдук генератор белек кылды. Мындан тышкары мыкты окутуучулар жана активдүү студенттер сыйланды.
Салтанатта Кудайберди Кожобеков Конфуций институту кытай тилин жайылтууда жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноп жатканын белгиледи. Ал эми “Хуа Чжу” жардам борборунун өкүлдөрү бул стипендиялар студенттерди билим алууга шыктандырууга багытталганын айтышты.
Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды. Анда студенттер кытай улуттук бийлерин, музыкалык номерлерди жана согуш өнөрүн тартуулашты.