29-декабрда Ош мамлекеттик университетинде III даражадагы «Манас» орденинин ээси Орозали Сайдилканов жана профессор Дүйшөн Шаматовдун авторлугунда жазылган «Өнүгүүнүн өзөгү – мугалим» аттуу китептин бет ачары болду.
Иш-чаранын алкагында авторлор алгач ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, китептин мазмуну, жазылыш тарыхы жана анда көтөрүлгөн маселелер тууралуу пикир алышты. Жолугушууда мугалимдин коомдогу орду жана билим берүүнүн учурдагы абалы тууралуу да сөз болду.
Андан соң авторлор университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен жолугуп, билим берүү системасын өнүктүрүү, мугалимдин ролу жана педагогго гумандуу мамиленин мааниси боюнча ой бөлүштү. Катышуучулар билим берүүдөгү реформалар мугалимдин активдүү катышуусуз ишке ашпасын белгилешти.
Аталган китеп мугалимдерге, мектеп жетекчилерине, билим берүү тармагында эмгектенген адистерге жана жалпы окурмандарга арналган.