ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: ОшМУнун 1000ден ашуун студенти алдыңкы окуу жайлардан билим алып келди

Башкы Жаңылыктар

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: ОшМУнун 1000ден ашуун студенти алдыңкы окуу жайлардан билим алып келди

Image

2025-жылы университетибиз эл аралык байланыштарын дагы да кеңейтти. 2024/2025 окуу жылында 523  чет өлкөлүк студент жана окутуучу бизден билим алып кетти. Ал эми соңку беш жылда бул көрсөткүч  1124 түздү.

Ошол эле учурда биздин 1000ден ашуун студентибиз 30 мамлекеттин 300дөн ашык алдыңкы окуу жайларына эки тараптык келишимдердин негизинде академиялык мобилдүүлүк менен барып келди. 

Окуу жай кыргыз тилин жана маданиятын жайылтуу боюнча да чоң кадам таштады. Казакстандагы Евразия улуттук университети менен Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинде биздин маданий-билим берүү борборлорубуз ачылды. Ошол эле учурда бизде казак жана өзбек тилдери борборлору, Москва мамлекеттик университетинин «Ломоносов» борбору активдүү иш алып барууда. 

    

Дагы бир жаңылык – окуу жайыбызга Евразиялык тармактык университеттин Координациялык кеңешинин төрагалыгы да ыйгарылды. Эми 2026-жылы аталган эл аралык уюмдарга ОшМУ төрагалык кылат. Бул – эл аралык уюмдардын университетибизге болгон ишениминин бекемделип жаткандыгынын айкын далили.

    

Демек, 2025 ОшМУнун глобалдык өнөктөштүктөрү бекемделген, маданий байланыштары кеңейген, эл аралык аренадан татыктуу орун алган жыл болду.