Өзбекстандын Абу Али Ибн Сина атындагы Алмалык медициналык техникумунун окутуучулары Ош мамлекеттик университетинде квалификациясын жогорулатып жатышат. Алар кредиттик технология боюнча 144 сааттык окутуудан өтүшүүдө.
Окуу процессин окутуучулар Толкун Папиева, Жыпара Асилбек кызы, Муборак Чыналиева жана Бибигүл Орунбаева алып барууда. Курста кредиттик технологиянын негизинде сабакактарды уюштуруунун теориялык жана практикалык жактары каралып, катышуучулар билим берүү процессин пландоо, студенттердин өз алдынча ишин уюштуруу, интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонуу, билимди баалоонун заманбап формаларын өздөштүрүшүүдө.
Квалификациялык курс окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, эл аралык тажрыйба алмашууга жана билимдин сапатын жакшыртууга багытталган. Окуу аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.