Окутуучулар Индияда эл аралык программага катышууда

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар Индияда эл аралык программага катышууда

Image

Эл аралык медицина факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары Иметкул Исмаилов жана практикалык иштердин башчысы Искендербек Абдирайимов  Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан эл аралык окутуу программасына катышууда. 

Окутуу 5-16-январь күндөрү Улуттук билим берүү пландоо жана администрлөө институтунун (NIEPA) базасында уюштурулуп, «Билим берүү мекемелеринин жетекчилери үчүн институционалдык пландоо» аттуу эл аралык программанын алкагында өтүүдө. 

Анда катышуучулар стратегиялык жана институционалдык пландоо, билим берүү уюмдарын башкаруу, мониторинг жана натыйжалуулукту баалоо, билим берүү реформаларынын туруктуулугу, жетекчилердин лидерлик сапаттарын өнүктүрүү боюнча жаңы билимдерди алышат.   

Бул эл аралык программага катышуу Ош мамлекеттик университетинин институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого, заманбап башкаруу ыкмаларын ишке киргизүүгө жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Иш-чарага дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн өкүлдөр катышууда. Эки жумалык курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга NIEPA тарабынан эл аралык сертификаттар тапшырылат.

 

Фото галерея