Кыргызстанда 2025–2026-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун экинчи туру 12-январда старт алды.
Биринчи турдун жыйынтыгында Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) аркылуу 76 абитуриент катталса, алардын 68и документтерин тастыктады. Экинчи тур боюнча талон таштоо 12-14-январь күндөрү өтөт. Документтерди тастыктоо мөөнөтү – 15-17-январь.
Кышкы кабыл алуунун кийинки этаптары төмөнкү даталарда уланат:
Кабыл алуу контракттык негизде гана жүргүзүлөт. ЖРТнын жыйынтыгы менен кышкы кабыл алууга катышкан окуу жайлардын жана багыттардын тизмеси 2020.edu.gov.kg сайтында жайгаштырылган.