ОшМУда улуу муунга билим берүү долбоору ишке ашырылат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда улуу муунга билим берүү долбоору ишке ашырылат

Image

Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) Казакстандагы Ч.Валиханов атындагы Көкшетау университети менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Күмүш университет» долбоорунун презентациясы өттү. Онлайн форматта уюштурулган жолугушууга эки окуу жайдын ректорлору Кудайберди Кожобеков, Марат Сырлыбаев жана проректорлор катышты. 

Жолугушууда долбоордун максаты, ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди. «Күмүш университет» үчүнчү курактагы жарандарга кошумча билим берүү, санариптик сабаттуулук, тил үйрөнүү, психология, саламаттыкты чыңдоо, бизнес, жасалма интеллект, биринчи медициналык жардам, искусство жана туризм сыяктуу актуалдуу багыттарды сунуштайт. 

Көкшетау университети долбоордун ишмердүүлүгүн Борбор Азия өлкөлөрүндө жайылтуу менен, аймактык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган аракеттерди улантып жатканын айтты. Ага ылайык, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстанда борборазиялык улуу муундагы университеттердин хабын түзүү пландалууда. Хаб AIUTA (Association Internationale des Universités du Troisième Âge) эл аралык уюмунун алкагында аймактык кызматташтыкты уюштуруу, улуу муундагы жарандардын билим алуусун колдоого, тажрыйба алмашуу, социалдык программаларды уюштурууга багытталган. 

Казакстанда «Күмүш университет» программалары 2022-жылдан бери иштеп, 32 жогорку окуу жайында 1500дөн ашуун адам билим алган.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков «Күмүш университет» сыяктуу социалдык маанидеги долбоорлор коом үчүн абдан актуалдуу экенин белгилеп, мындай демилгелерди университет дайым колдой турганын айтты.

Жолугушуунун соңунда тараптар улуу муундагы жарандардын активдүүлүгүн арттыруу жана өмүр бою билим алуу маданиятын жайылтуу боюнча кызматташтыкты улантууну пландашты.

 

Фото галерея