Окутуучулар Түштүк Кореяда эл аралык программага катышып келди

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар Түштүк Кореяда эл аралык программага катышып келди

Image

ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун окутуучулары 8-14-январь күндөрү Түштүк Кореяда эл аралык окутуу программасына катышты.

Программанын максаты – Түштүк Корея менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда маданий алмашууларды күчөтүү, чет өлкөлүк студенттерди тартуу стратегиясын жакшыртуу жана жогорку окуу жайлардын кызматташтыгын кеңейтүү.

Окутууга өнөктөш жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, билим берүү агенттиктери, корей жана англис тилдеринин окутуучулары катышты. ОшМУдан институттун директори Олжобай Шаимкулов баштаган окутуучулар жана кафедра башчылары катышты.

ОшМУда 2021-жылдан бери корей тили боюнча адистер даярдалып келет. Бүгүнкү күндө университет Ханбат, Кванджу, Ханянг, Пэй Чэй, Андонг, Кюнгил, Донгук, Чонбук сыяктуу Түштүк Кореянын бир катар алдыңкы университеттери менен кызматташууда.

Аталган иш-чара Канвон улуттук университети (KNU) тарабынан өткөрүлүп, KNU Global Talents Network Center тарабынан уюштурулду.

 

Фото галерея