22-январда ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун окутуучулары мугалим менен окуучунун ортосундагы адеп-ахлак мамилелер, спорттун диндеги орду боюнча окутууга катышты.
Семинарды Ош шаардык мусулмандар казыятынын башчысы Самидин Атабаев өттү. Ал мугалим менен окуучунун өз ара сый-урматын, адеп-ахлак нормаларын, билим берүү процессиндеги жоопкерчилик боюнча айтып берди. Ошондой эле дене тарбия жана спорттун адамдын руханий дүйнөсүндө, ыйман тарбиядагы орду жөнүндө маалымат берилди.
Иш-чараны биринчи жана экинчи факультеттер аралык дене тарбия кафедралары демилгелеп, окутуучулар үчүн маанилүү билими жана тажрыйбаны бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн түздү.