Эл аралык билим берүү программалары колледжинин араб тили окутуучусу Сабыр Бекназаров Саудия Арабиянын Жидда шаарында өтүп жаткан эл аралык семинарга катышууда.
Иш-чара дүйнө жүзүндө араб тилин окутуучу адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган.
Окутуу 10-январдан 10-февралга чейин болот. Анда араб тилин чет тили катары окутуунун заманбап ыкмалары, инновациялык педагогикалык технологиялар, тил үйрөтүүдө санариптик платформаларды колдонуу боюнча практикалык сабактар өтүлүүдө.
Мындан тышкары катышуучулар араб тилинин лингвистикалык жана маданий өзгөчөлүктөрүн студенттерге натыйжалуу жеткирүү жолдору менен таанышууда.
Бул эл аралык иш-чара окутуучулардын кесиптик өсүшүнө шарт түзүп, жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган.