Илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор Элзарбек Эшаров, Медициналык борбордун директору Жазгул Иметова өзгөчө макамга ээ жогорку окуу жайлардын алдында түзүлгөн Изилдөө жана инновация борборлорунун (ИИБ) Улуттук кеңешинин биринчи жыйынына катышты.
Иш-чара 30-январда Бишкектеги И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өттү. Жыйында Улуттук ИИБ кеңешинин ишмердүүлүгүн уюштуруу жана ишке киргизүү маселелери талкууланды. Жыйынтыгында 2026-жылга кеңештин директору шайланды.
Кеңештин мүчөлөрүнө Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2025-жылдын 24-декабрындагы №385 буйругуна ылайык бекитилген Улуттук ИИБ кеңешинин иш регламенти тааныштырылды. Катышуучулар документти талдап чыгып, кеңештин жыл ичиндеги натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыздоо боюнча сунуштарын билдиришти.
Ошондой эле кеңештин 2026-жылга карата иш планы каралып, кабыл алынды. Документте жогорку окуу жайлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү, бизнес-сектор менен кызматташуу, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын коммерциялаштыруу жана Изилдөө жана инновация борборлорунун потенциалын жогорулатууга көңүл бурулду.
Эске салсак, жогорку окуу жайлардын алдындагы Изилдөө жана инновация борборлору министрликтин «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» долбоорунун алкагында түзүлгөн. Бул борборлор илимий-инновациялык экосистеманы өнүктүрүүгө жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын өлкөнүн экономикасы менен калкынын кызыкчылыгы үчүн практикага киргизүүгө багытталган.