Медицина факультетинин студенти Мухаммадали Гуламидинов эл аралык «The Best Student and The Best Student Project» сынагында 3-орунду алды.
Жыйынтыгында ал уюштуруучулар тарабынан III даражадагы диплом менен сыйланып, лауреат аталды.
Аталган сынакка медициналык адистиктерде окуган студенттер катышкан. Алар хирургиялык көндүмдөрдү калыптандыруу жана өнүктүрүүгө багытталган илимий иштерин сунушташкан. Мухаммадали Гуламидинов факультетиндеги VIT’OSS хирургиялык студенттик илимий ийриминин катышуучусу. Ал сынакка ийримдин алкагында аткарган иштерин жөнөткөн.
«The Best Student and The Best Student Project» («Мыкты студент жана мыкты студенттик долбоор») жыл сайын Францияда өткөрүлүүчү эл аралык сынак. Сынак студенттердин илимий жана инновациялык долбоорлорун колдоого алып, мыкты жаштарды аныктоого жана алардын кесиптик өсүшүнө өбөлгө түзүүгө багытталган.