ОшМУнун ректору орусиялык "Ректор сүйлөйт" порталына маек берди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору орусиялык "Ректор сүйлөйт" порталына маек берди

Image

3-февралда орусиялык "Ректор сүйлөйт" порталы Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков менен маегин жарыялады. Бул басылманын чет элдик окуу жайдын жетекчиси менен алгачкы маеги болду.  

Маекте Кыргызстандын жогорку билим берүү моделинин өзгөчөлүктөрү,  ОшМУнун орусиялык университеттер менен биргелешип ишке ашырып жаткан долбоорлору, ошондой эле өлкөдө илимди өнүктүрүүгө түрткү болгон факторлор талкууланды. 

"Ректор сүйлөйт" — жогорку билим берүү жаатында эксперттик басылма. Порталда ректорлор университетти башкаруу, өнүктүрүү стратегиялары жана жогорку билим менен илимдин келечеги тууралуу ой-пикрлери менен бөлүшөт.