6-февралда Ош мамлекеттик университети Virtual Accelerate санариптик бизнес-платформасы (ООО «КодифайЛаб») менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду.
Документке ректор Кудайберди Кожобеков жана платформанын регионалдык жетекчиси Бибинур Алибаева кол коюшту. Иш-чарага окуу жайдын Бизнес паркынын директору Эрлан Камалов жана Virtual Accelerate платформасынын менеджери Айдана Жеңишбекова да катышты.
Меморандумдун алкагында тараптар студенттердин ишкердик, инновациялык жана санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү, хакатондорду өткөрүү, илимий-изилдөө иштерин колдоо, туруктуу өнүгүү жана социалдык ишкердик багытындагы жаштардын демилгелерин ишке ашыруу боюнча биргелешип иш алып бармакчы.
ОшМУнун жетекчилиги бул кызматташтык студенттер үчүн практикага багытталган билим алууга жана стартап долбоорлорду өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи. Ал эми платформанын өкүлдөрү университет менен өнөктөштүк аймактардагы жаш ишкерлерди жана лидерлерди даярдоодо маанилүү кадам экенин айтышты.
Virtual Accelerate (Виртуал Акселерат) – Борбор Азиядагы алгачкы санариптик бизнес-платформа болуп саналат. Анда ишкерлерди, менторлорду жана инвесторлорду бир онлайн мейкиндикке бириктирип, бизнести баштоо, өнүктүрүү жана инвестиция тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды сунуштайт.