ОшМУнун окумуштуулары климаттык туруктуу ландшафттарды сунушташты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окумуштуулары климаттык туруктуу ландшафттарды сунушташты

Image

10-февралда Ош мамлекеттик университетинин окумуштуулары – Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар консалтинг борборунун директору Абдижапар Аккулов, доцент Элмурат Обдунов – «Борбордук Азиядагы климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу ландшафттар» аймактык долбоорунун алкагындагы семинарга катышты.

Окутууда Кыргызстанда приоритеттүү тоолуу жайыттар, токойлор, кайракы айдоолор жана чөп чабык жерлерди сактоо зарылдыгы айтылды. Мындан тышкары кунарсыз жерлерди өздөштүрүү, сууну үнөмдүү пайдалануу, ОшМУнун долбоорлору аркылуу жүргүзүлүп жаткан агротокой-мелиоративдик иштерге токтолушту. Ошондой эле альтернативалык чарба жүргүзүүнүн формаларын мамлекеттик программаларга киргизүү боюнча илимий негизделген сунуштар берилди.

«Учурда дүйнө жүзүндөгү климаттык өзгөрүүлөргө кабатырланбаган өлкөлөр, же аймактар жок экени талашсыз. Климаттык коркунучтар менен тобокелдиктердин таасири Борбор Азия, анын ичинде чартарабын улуу чөлдөр курчаган тоолуу Кыргызстан үчүн да олуттуу. Мындай шарттарда биздеги тоо экосистемаларды сактоо, жер, өсүмдүк жана суу ресурстарына аяр мамиле кылуу, климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялануу, бул үчүн туруктуу ландшафттарды түзүүнүн актуалдуулугу артып жаткандыгын өз убактысында түшүнүү учур талабы болууда», –деди Абдижапар Аккулов.  

Кара-Суу районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Мамедов ОшМУ менен биргелешкен илимий-өндүрүштүк долбоорлордун райондук бийлик, айыл өкмөттөр жана жеке чарбалар үчүн пайдалуу болоорун белгиледи.

Иш-чара Жашыл климаттык фонд (Green Climate Fund) жана Германиянын эл аралык кызматташтык уюму (GIZ) тарабынан демилгеленген.

Фото галерея