IAAR рейтинги: ОшМУ билим берүү программалары боюнча өлкөдө лидер аталды

Башкы Жаңылыктар

IAAR рейтинги: ОшМУ билим берүү программалары боюнча өлкөдө лидер аталды

Image

Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттиги (IAAR) Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын 2025-жылдагы билим берүү программалары боюнча рейтингинин жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) бардык билим берүү программалары боюнча биринчи орундарды ээлеп, лидерлик позициясын сактап калды.

Баалоо окуу жайдын илимий потенциалы, эл аралык аренадагы орду, билим берүү программаларынын сапаты, окутуучулар жана студенттер арасындагы академиялык мобилдүүлүк боюнча жүргүзүлдү. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, ачык-айкындуулук, объективдүүлүк, маалымат булактарынын жеткиликтүүлүгү эске алынды. 

Бул жылы балоого бакалавриат боюнча 18, магистратура боюнча 13 билим берүү программасы катышты. 2025-жылга салыштырмалуу ОшМУнун жыйынтык көрсөткүчү 1266 балга жогорулаган. Жетишилген жыйынтык окуу жайдын билим берүү программаларын жаңылоого, заманбап окутуу усулдарын киргизүүгө, студенттердин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган системалуу ишинин натыйжасы болуп саналат. Мында материалдык-техникалык базанын чыңдалышы, билим берүү чөйрөсүнүн санариптештирилиши жана эмгек рыногунун талаптарына ылайык адистерди даярдоо маанилүү роль ойноду. 

Эки жыл катары менен лидерликти сактап калуу ОшМУнун туруктуу өнүгүп жатканын жана Кыргызстанда гана эмес чет өлкөлөрдө да талап кылынган атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого кошкон олуттуу салымын тастыктайт.

IAAR агенттиги 2018-жылдан бери өлкөдөгү жогорку окуу жайларынын көз карандысыз рейтингин жүргүзүп келет.