12-февралда И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин коллегиясынын кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында министрликтин 2025-жылга карата ишмердүүлүгү жана президенттин 2022-жылдын 18-июлундагы №243 жарлыгын ишке ашыруу боюнча жогорку окуу жайлардын аткарган иштери каралды.
Анын алкагында Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайдын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчет берип, аталган жарлыкты ишке ашыруу багытында жүргүзүлгөн иштерди айтты. Ал билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча аткарылган иштерге токтолду.
Жыйында министр Гүлзат Исаматова министрликтин жыл ичиндеги ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле ведомствого караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы Бекбосун Борубашев алардын 2025-жылдагы иш-аракеттери тууралуу маалымат берди.
Эске салсак: президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдагы жарлыгынын негизинде Ош мамлекеттик университетине өзгөчө макам берилген. Бул макам окуу жайга башкарууда, каржылоодо жана окуу процессинде кеңири автономия берди. Университет өзүнүн ички түзүмүн, кадр саясатын, окуу программаларын жана финансылык иштерин өз алдынча жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Өзгөчө макамдын аркасында ОшМУ билимди, илимди жана өндүрүштү бириктирип дуалдык окутууну күчөттү. Учурда ЖОЖ-ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ-КОММЕРЦИАЛИЗАЦИЯ коллаборациясын ийгиликтүү ишке койду. IRCAPS илимий борбору ачылып, анда абанын булганышы, анын ден соолукка тийгизген таасири изилдене баштады. Дагы бири, жаңы курулуп жаткан Медициналык клиниканын алдында онкологиялык ооруларды эрте аныктоо борбору иштеп баштайт. Бул жерде студенттер жана медкызматкерлер үчүн онкология, радиология, медициналык информатика боюнча жаңы программалар ачылат. Заманбап технологиялар – жасалма интеллект, биоинформатика колдонулуп, маалымат базалары жана аналитикалык системалар түзүлөт.
Илимий изилдөөлөрдү жүргүзө турган «Спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо» борбору, «Борбор Азия критикалык минералдар инновациялык борбору» жана «Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар» консалтинг борбору түзүлүп, учурда активдүү иштеп жатат.