Педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын башчысы Гульмира Жутанова жана профессор Өмүрзак Акматов Казакстанда илимий тажрыйба алмашуу сапарында болушту.
Алар Мухтар Ауезов атындагы Түштүк Казакстан университетинин чакыруусу менен 144 академиялык сааттык квалификацияны жогорулатуу программасына катышып, теориялык жана практикалык сабактардан өтүштү.
Сапардын алкагында окутуучулар казакстандык кесиптештерине жана студенттерге лекция окуп, илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен бөлүштү. Гульмира Жутанова санариптик жана аралаш окутуу шартында студенттердин креативдүү компетенттүүлүгүн өнүктүрүү тууралуу баяндама жасады. Ал эми профессор Өмүрзак Акматов адамдын табияты, жүрүм-туруму, коом менен болгон байланышы боюнча илимий көз караштарын сунуштады.
Ошондой эле алар «Тарых жана этнология» илимий борборунда өткөн «Илимий изилдөөлөрдөгү эл аралык байланыш» аттуу семинарга катышты. Анда Борбор Азия өлкөлөрүнүн окумуштуу-педагогдорунун кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Сапардын жыйынтыгында илимий макала даярдоо пландалып, сунушталган изилдөөлөрдүн жыйынтыктары «QAZAQTANÝ» илимий журналына жарыяланары белгиленди. Программа соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
ОшМУнун өкүлдөрү аталган университетте 9–12-февраль күндөрү болушту. Кызматтык сапар эки окуу жайдын ортосундагы илимий жана академиялык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталды.