ОшМУнун студенттери She Vibecodes хакатонуна катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттери She Vibecodes хакатонуна катышты

Image

Бишкек шаарында 6–8-февраль күндөрү кыздар үчүн уюштурулган She Vibecodes технологиялык хакатонуна Ош мамлекеттик университетинин эки стартап командасы катышып келди.

Хакатонго Тарых-юридика институтунун 3-курсунун студенттери Азиза Розыбаева, Жазгүл Маматалиева, Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун 2-курсунун студенти Жылдыз Анарбаева катышты. Команданы Тарых-юридика институтунун стартап экосистемасын өнүктүрүү боюнча адиси Сапарали Жолчиев жетектеп барды.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар технологиялык стартап идеяларын иштеп чыгып, бизнес-модель түзүүнү практикалашты. Ошондой эле жасалма интеллект инструменттери менен иштеп, санарип продуктунун прототипин даярдоо боюнча тажрыйба топтошту.

Жыйынтыгында ОшМУнун студенттери E-КЕЗЕК жана Smart School Terminal аттуу эки долбоорду иштеп чыгышты.

Хакатон Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келип, сапаттуу билим берүүнү, гендердик теңчиликти, татыктуу эмгек менен экономикалык өсүштү жана инновацияны өнүктүрүүнү колдоого багытталды.

She Vibecodes демилгеси кыздардын технология тармагындагы ролун күчөтүп, инновациялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө шарт түзгөн маанилүү аянтча болуп эсептелет.

 

Фото галерея