Акын Фатима Абдалова студенттер менен чыгармачылык жолугушуу өткөрдү

Башкы Жаңылыктар

Акын Фатима Абдалова студенттер менен чыгармачылык жолугушуу өткөрдү

Image

ОшМУнун филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын Фатима Абдалова менен чыгармачылык жолугушуу өттү. 

Кечеге Ош шаардык кеңешинин депутаттары, акын-жазуучулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, мектеп мугалимдери жана студенттер катышты. Жолугушуунун алкагында студенттер акындын ырларын көркөм окуп беришти. Айрым чыгармалар комуздун коштоосунда аткарылып, акындын сөзүнө жазылган обондор жаңырып, кечеге өзгөчө чыгармачылык маанай тартуулады.

Соңунда Фатима Абдалова келген конокторго жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, өзүнүн автордук ырларынан окуп берди. Институт жетекчилиги акынга ыраазычылык кат тапшырып, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Иш-чара институттун директору Олжобай Шаимкулов жана филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысы Бактыгүл Байтикова тарабынан уюштурулду. 













 

Фото галерея