ОшМУда «Полиглот» окутуу борбору иштеп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда «Полиглот» окутуу борбору иштеп жатат

Image

«Полиглот» окуу борбору окутуучулардын KPI көрсөткүчтөрүн жогорулатуу, билим берүүгө инновацияларды киргизүү, илим, өндүрүш жана коммерциялаштыруу багыттарын өнүктүрүү максатында доцент Диларам Мадаминованын жетекчилиги менен түзүлгөн.

Борбор 2025-жылдын ноябрь айынан бери активдүү иш алып барууда. Практикалык орус тили факультеттер аралык кафедрасынын улук окутуучусу Дамира Осмонкулова «Орус тилинин практикалык грамматикасы» боюнча курстарды өтүүдө.

Ушул жылдын 16-февралынан тарта улук окутуучу Бермет Закирова ОшМУнун окутуучулары үчүн Кыргызтестке даярдоо боюнча А, В жана С деңгээлдериндеги курстарды баштады. Мындан тышкары борбордо чет тилдери боюнча да окуу курстары уюштурулуп, мектеп окуучуларына, студенттерге жана мугалимдерге акы төлөнүү негизинде сунушталууда.

Маалымат үчүн: «Полиглот» окутуу борбору Филология жана маданият аралык коммуникациялар институтунун орус филологиясы бөлүмүндө (215, 216-аудиториялар) жайгашкан.

Байланыш телефондору: 0773 (30-78-83), 0559 (34-24-53)


 

Фото галерея