Ош мамлекеттик университетинин кыргыз-кытай факультетинде Наманган мамлекеттик университетинин окутуучулары студенттер үчүн конок лекцияларды окушту.
13-февралда өткөн жолугушууда профессор Косим Сидиков көркөм-экспрессивдүү каражаттар жана стилистикалык ыкмалар (Expressive Means and Stylistic Devices) темасында баяндама жасады. Ал эми окутуучулар Нозима Мамаджанова лексиканы окутуунун ыкмалары (How to Teach Vocabulary), Илхомжон Тожибоев сөздүн лексикалык маанилеринин түрлөрү (Types of Lexical Meaning) боюнча сабак өтүштү.
Лекциялардын жүрүшүндө коноктор студенттерге билим берүү тажрыйбасын бөлүшүп, академиялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелери боюнча пикир алышты.
Мындай жолугушуулар эки университеттин ортосундагы илимий-академиялык байланыштарды чыңдап, өз ара тажрыйба алмашууга жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди.