Өзбекстандык окутуучулар ОшМУда тажрыйба топтоодо

Башкы Жаңылыктар

Өзбекстандык окутуучулар ОшМУда тажрыйба топтоодо

Image

Теология факультетинде Анжиян мамлекеттик университетинин окутуучулары үчүн «Диний баалуулуктар жана маданияттар аралык байланыштар» аттуу квалификацияны жогорулатуу курсу башталды.

144 академиялык саатка эсептелген окуу программасы дин таануу, гуманитардык предметтер кафедрасы тарабынан даярдалган. Курс диний баалуулуктар боюнча билимдерди тереңдетүүгө, дүйнөлүк жана аймактык диндердин коомго тийгизген таасирин илимий негизде түшүндүрүүгө багытталган.

Ошондой эле маданияттар аралык коммуникациянын заманбап ыкмалары, диний жана маданий ар түрдүүлүк шартында конструктивдүү диалог жүргүзүү, мүмкүн болгон конфликттердин алдын алуу боюнча практикалык көндүмдөр берилүүдө. Сабактарды факультеттин тажрыйбалуу окутуучулары өтүп жатат.

Окууну ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан сертификаттар тапшырылат. 

Бул курс эки жогорку окуу жайдын ортосундагы илимий, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган.


 

Фото галерея