Окутуучулар санариптик педагогика боюнча окутуудан өттү

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар санариптик педагогика боюнча окутуудан өттү

Image

Университеттин Эл аралык медицина факультетинин окутуучулары үчүн санариптик педагогика жана заманбап билим берүү технологиялары боюнча окутуу уюштурулду. 

Семинарды ITEC программасынын алкагында Индияда EdTech Connect курсунан өтүп келген окутуучулар Алия Базиева жана Мээрим Бусурманкул кызы алып барышты.

Окутуу төрт негизги модулдан турду. Анда санариптик педагогика, заманбап окутуу ыкмалары, билим берүү платформалары жана LMS системалары, жасалма интеллектти билим берүүдө колдонуу, интерактивдүү, инклюзивдүү окутуу маселелери каралды. Катышуучулар жаңы маалыматтарды практикалык түрдө колдонуп көрүштү.

Иш-чара учурунда суроо-жооп, талкуулар уюштурулуп, окутуучулардын санариптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана окуу процессине инновациялык ыкмаларды киргизүүгө көңүл бурулду.

Фото галерея