ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык коллежинде ПОВТАС адистигинин студенттери арасында киберспорт боюнча таймаш уюштурулду.
Таймашка 1–3-курс студенттеринен түзүлгөн 22 команда катышып, алар стратегиялык ой жүгүртүүсүн, ыкчам чечим кабыл алуу жөндөмүн жана командалык иштөө көндүмдөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында мыкты командалар аныкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Уюштуруучулар бул таймашты мындан ары жыл сайын өткөрүү демилгесин көтөрүштү.
Иш-чара студенттердин санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү, логикалык ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында уюштурулду.