Билим сапаты текшерилди. ОшМУда аккредитациялоо жараяны жыйынтыкталды 

Башкы Жаңылыктар

Билим сапаты текшерилди. ОшМУда аккредитациялоо жараяны жыйынтыкталды 

Image

Ош мамлекеттик университетинде билим берүү программаларын аккредитациялоо жараяны жыйынтыкталды. 

Баалоо 6–7-апрелде билим берүү сапатын кепилдөөчү EdNet агенттиги тарабынан жүргүзүлдү. Аккредитациянын алкагында бакалавриат, специалитет жана магистратура деңгээлдериндеги бир катар багыттар текшерүүдөн өттү. Атап айтканда, туризм, химия, бизнести башкаруу (бакалавриат), колдонмо геодезия (специалитет), ошондой эле тарых, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, психология (магистратура) программалары бааланды.

Жараяндын жүрүшүндө эксперттер окуу пландарын, материалдык-техникалык базаны, илимий-изилдөө иштерин жана кызыкдар тараптар менен өз ара байланышты комплекстүү карап чыгышты.

Аккредитация билим берүү программаларынын сапатын, алардын заманбап стандарттарга, эмгек рыногунун талаптарына шайкештигин аныктоо максатында уюштурулат.

 

Фото галерея