Ош мамлекеттик университетинин студенттери өнүгүү, лидерлик сапаттарды калыптандыруу жана патриоттук тарбия багытындагы окутууга катышты.
Анда тренерлер максат коюу, ага жетүү, өзүн өнүктүрүү боюнча кеңештерди беришти.
Иш-чара «Өсүү чекити» аталышында «Евразия КГ» коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Максаты жаштардын коомдогу ролун арттыруу жана патриоттук баалуулуктарды бекемдөө болууда.
Окуу жай менен аталган фонддун ортосунда 2025-жылдын ноябрь айында кызматташуу боюнча меморандумга кол кол коюлган. Ага ылайык, тараптар жаштар демилгелерин колдоо, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, билим берүү, илим, маданият тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашкан