Түркия: ОшМУнун изилдөөчүсү эс тутум бузулууларын эрте аныктоо боюнча сунуштарын тааныштырды

Башкы Жаңылыктар

Түркия: ОшМУнун изилдөөчүсү эс тутум бузулууларын эрте аныктоо боюнча сунуштарын тааныштырды

Image

Онкология багытындагы ординатор Мухаммад Файзан Сиддики Түркияда өткөн эл аралык илимий жыйында өзүнүн изилдөөсүн сунуштады.

11–12-апрелде Стамбул шаарында Haliç University жана Ден соолук фонду уюштурган экинчи эл аралык медициналык студенттер конференциясында ал «Мээнин негизги шишиги менен ооруган бейтаптарда эс тутумдун бузулушун алдын ала айтуу жана азайтуу боюнча жасалма интеллект: адабияттык сереп» аттуу баяндама жасады.

Изилдөөдө нейроонкология тармагындагы когнитивдик көйгөйлөрдү чечүүдө жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү каралган. Анда эс тутум бузулууларын эрте аныктоо, алдын алуу боюнча заманбап ыкмалар сунушталган.

Илимий сапар Ден соолук фонду тарабынан каржыланып, катышуучунун жол киреси жана жашоо чыгымдары жабылды. Виза маселелерин Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) уюштурду.

Илимий жетекчиси – медицина илимдеринин доктору, профессор, университеттин эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов. Клиникалык жетекчилери – Ош облустар аралык онкология борборунун директору Зарипа Паизова, хирургиялык адистиктер боюнча билим берүү программаларынын клиникалык жетекчиси Гүлзат Гапырова, Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун директору Анара Жанбаева, ОшМУнун медициналык  борборунун директору Жазгүл Иметова жана хирургиялык адистиктер боюнча билим берүү программаларынын клиникалык жетекчиси Гүлиза Көчкөнбаева.

 



 

Фото галерея