Самарканд: окутуучулар жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияга катышты

Башкы Жаңылыктар

Самарканд: окутуучулар жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияга катышты

Image

17–18-апрелде Өзбекстандын Самарканд шаарындагы ZARMED университетинде «Жасалма интеллектти жана санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Ага Ош мамлекеттик университетинин беш окутуучусу катышып келди.

Алар –  Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунан доценттер Болотбек Каримов, Айназик Боронбаева, улук окутуучу Аида Дурсунбаева, Медициналык коллеждин окутуучусу Жазгул Абдырахманова, медицина факультетинин окутуучусу Меңай Таиржанова.

Иш-чарада жасалма интеллектти билим берүү, медицина, экономика жана башка тармактарда колдонуу жолдору талкууланды. Катышуучулар инновациялык чечимдер, технологиялык өнүгүүнүн келечеги боюнча баяндама жасашты.

Конференция эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, санариптик технологияларды билим берүүгө киргизүү максатында уюштурулду.


 

Фото галерея