ОшМУнун студенти Казакстанда өткөн олимпиадада сыйланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти Казакстанда өткөн олимпиадада сыйланды

Image

23–25-апрель күндөрү Казакстандын Кызылорда шаарында «Жаш адистер саламаттыкты сактоо системасында: медициналык коллеждердин эл аралык диалогу» деген эл аралык конференция өттү.

Конференцияны Кызылорда жогорку медициналык коллежи уюштуруп, анын алкагында студенттик олимпиада өттү. Ага бир нече өлкөдөн жаш адистер, студенттер катышты. ОшМУнун медициналык коллежинен окутуучу Гүлмира Жакыпова жана фармация адистигинин 2-курсунун студенти Эльмара Сайфидинова барышты. Сайфидинова актуалдуу темада баяндама жасап, алкыш баракча менен сыйланды.

Конференцияда лидерлик, ыктыярчылык, студенттик илим, санариптик медицина, жасалма интеллект боюнча мастер-класстар өттү. Ошондой эле катышуучулар үчүн практикалык көндүмдөрдү өстүргөн симуляциялык станциялар иштеди. Бул иш-чара медициналык билим берүүдө тажрыйба алмашууга, студенттердин кесиптик деңгээлин көтөрүүгө, эл аралык байланышты бекемдөөгө багытталды.

  

 

Фото галерея