Кыргызстанда студенттер үчүн анонимдүү @oilo_bot ишке кирди

Башкы Жаңылыктар

Кыргызстанда студенттер үчүн анонимдүү @oilo_bot ишке кирди

Image

Өлкөдө билим алган студенттер үчүн жаңы санариптик жардамчы @oilo_bot ишке кирди. Аны жаштар активдүү колдоно баштады. 

Бот билим алуу, ден соолук, мамилелер жана интернет коопсуздугу боюнча суроолорго жооп берет. Жасалма интеллект менен сүйлөшүү толугу менен анонимдүү.

“Ойло бот” жаштар ата-энесинен же мугалиминен маалымат алуудан тартынган учурда жардам берүү үчүн түзүлгөн. Боттогу бардык жоопторду дарыгерлер, психологдор жана юристтерден турган адистер тобу даярдаган. Колдонуучулар маалыматты кыргыз, орус тилдеринде ала алат. Жооптор текшерилген булактарга жана адистердин сунуштарына таянып даярдалат. Бул жалган маалымат көбөйгөн учурда өзгөчө маанилүү.

Долбоорду өлөдөгу жогорку окуу жайлар колдоду. Алардын катарында Ош мамлекеттик университети да бар. Чат-ботко бул шилтеме аркылуу кирсе болот: https://t.me/oilo_bot