Анара Тажибаева Испанияда студенттерди окутуп, окутуучуларга тажрыйба бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

Анара Тажибаева Испанияда студенттерди окутуп, окутуучуларга тажрыйба бөлүштү

Image

Филология жана маданият аралык коммуникациялар институтунун улук окутуучусу Анара Тажибаева 23–28-апрелде Испаниянын Кадис университетинде бакалаврларга сегиз саат сабак берди. 

Ал Erasmus+ программасы менен барды. Анда Кадис университетинин билим берүү факультетинин студенттерине чет тилдерди окутуунун ыкмалары боюнча билими менен бөлүштү. Сабактан сырткары аталган окуу жайдын окутуучуларына тажрыйба бөлүштү. Заманбап окутуу ыкмаларын жана студенттердин маданият аралык баарлашуу жөндөмүн кантип өнүктүрүүнү талкуулашты.

Erasmus+ – окуу жайлардын кызматташтыгын күчөтүүчү программа. Ал академиялык байланышты кеңейтип, билим берүүнү эл аралык деңгээлге чыгарууга жардам берет. 

 

Фото галерея