28-апрелде Бишкекте өткөн «Кыргызстан жана Түркия университеттеринин диалогу» иш-чарасында Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) Түркиянын алты алдыңкы окуу жайы менен кызматташууга кол койду.
Иш-чарага Кыргызстандан 30дан ашуун, Түркиядан 20дан ашуун университеттин жетекчилери, эл аралык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. Алар билим берүүдөгү кызматташтыктын келечектеги багыттарын талкуулашты.
ОшМУдан окуу иштери боюнча проректоруУларбек Молдояров катышты. Ал академиялык алмашуу, биргелешкен илимий изилдөөлөр, инновациялык долбоорлор жана билим берүү программаларын бириктирүү боюнча маселе көтөрдү.
Жыйынтыгында ОшМУ Түркиянын Бингөл, Трабзон, Фатих Султан Мехмет Вакыф, Стамбул Айдын Йозгат Бозок, Газиантеп университеттери менен макулдашты. Келишим академиялык алмашуу программаларын ишке ашыруу, биргелешкен билим берүү илимий долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт. Ошондой эле эки тараптуу институционалдык кызматташууну бекемдөөгө багытталган.