Студенттерге жана бүтүрүүчүлөргө бош жумуш орундар жарманкеси өттү

Башкы Жаңылыктар

Студенттерге жана бүтүрүүчүлөргө бош жумуш орундар жарманкеси өттү

Image

Жарманке 29-апрелде ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары коллежинде уюштурулду. Ага студенттер, бүтүрүүчүлөр жана Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты. 

Жарманкеде иш берүүчүлөр өз мекемелеринин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, учурдагы вакансияларын сунушташты. Бул студенттер менен бүтүрүүчүлөр үчүн эмгек рыногу менен түз байланыш түзүүгө, потенциалдуу жумуш берүүчүлөр менен таанышууга мүмкүнчүлүк жаратты.

Ошондой эле коллеж бүтүрүүчүлөрүнө Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрү, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун адистери өлкө ичиндеги, чет өлкөлөрдөгү бош жумуш орундар тууралуу кеңири маалымат беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө коллеж жамааты менен иш берүүчүлөр окуу программаларын эмгек рыногунун талаптарына ылайыкташтыруу, студенттердин практикалык даярдыгын күчөтүү, өндүрүштүк практика жана иш тажрыйба мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү талкуулашты.

Аталган жарманке карьера жана өнөктөштүк күнүнүн алкагында уюштурулду. Максаты жаштардын жумушка орношуусуна көмөк көрсөтүү, билим берүү менен эмгек рыногунун байланышын бекемдөө болду.

Фото галерея