Аксы: бүтүрүүчүлөргө кесиптик багыт берилди

Башкы Жаңылыктар

Аксы: бүтүрүүчүлөргө кесиптик багыт берилди

Image

Индустриалдык-педагогикалык коллежинин окутуучулары Мубарак Чыналиева, Мурат Жумаев, Кубанычбек уулу Азирет жана башкалар 11–12-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы мектеп бүтүрүүчүлөрү менен кесипке багыт берүүчү иш-чараларды өткөрүштү. 

Жолугушуулар №35 Т. Үмөталиев атындагы, №1 С. Качыкеев атындагы, №36 Ж. Бөкөнбаев атындагы, №6 Н. Мамбетов атындагы, №14 Ж. Мавлянов атындагы жатак мектеби, №53 З. Кутманова атындагы, №27 А. Жоробеков атындагы, №4 А. Эрматов атындагы “Миң-Булак”, №5 А. Кабаев атындагы жалпы орто билим берүү мектептеринде уюштурулду. Анда 9–11-класстын окуучуларына коллеждеги адистиктер, окуу шарттары, кабыл алуу тартиби жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берилип, кесип тандоо боюнча кеңештер айтылды. 

Иш-чаранын максаты мектеп окуучуларына кесип тандоодо туура багыт берүү, жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат жеткирүү болду. 

 

Фото галерея