ОшМУда улуттук баалуулуктарды даңазалаган тарбиялык иш-чара өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда улуттук баалуулуктарды даңазалаган тарбиялык иш-чара өттү

Image

Президент Садыр Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу тууралуу жарлыгын жаштар арасында жайылтуу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо максатында Ош мамлекеттик университетинде тарбиялык-маданий иш-чара уюштурулду.

“Мугалим – улуттук нарктын күзгүсү, уңгу жолдун башаты” деп аталган кечеде улуттук нарк, мугалимдин коомдогу орду, жаштарды тарбиялоодогу жоопкерчилиги жана улуттук аң-сезимди калыптандыруудагы ролу тууралуу сөз болду. Студенттер улуттук баалуулуктарды чагылдырган көркөм окууларды, сахналаштырылган көрүнүштөрдү, музыкалык номерлерди, мекенчилдик темадагы чыгармаларды аткарышты.

Мындан тышкары катышуучулар “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” идеологиясынын негизги багыттары боюнча ой бөлүшүп, жаштарды билимге, маданиятка жана руханий өнүгүүгө үндөгөн пикирлерин билдиришти.

Иш-чарага Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун кыргыз тили жана адабияты, чет тилдер адистигинде билим алган студенттер катышты. Университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипованын айтышынча, мындай иш-чаралар жаштардын мекенчилдик сезимин күчөтүп, улуттук наркты сактоого, аларды руханий жактан тарбиялоого өбөлгө түзөт. 

Иш-чара Педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын окутуучусу Азиза Жусупованын демилгеси менен уюштурулду.

Фото галерея