Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) EdNet улуттук рейтингде 583,60 балл менен үчүнчү орунду ээледи.
Рейтингге Кыргызстандагы 75 жогорку окуу жай катышты.Балоону EdNet билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча көз карандысыз аккредитациялык агенттиги жүргүздү.
Баалонун жыйынтыгында ОшМУ академиялык аброй жана илим багыты боюнча – 174.40 упай, иш берүүчүлөр арасындагы аброй жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштурууда – 558.00, билим берүү чөйрөсү боюнча – 63.30, глобалдык өз ара аракеттенүү – 8.10 жана кошумча 26.00 упай алган.
EdNet – өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча көз карандысыз агенттик болуп саналат. Агенттик 2012-жылы түзүлүп, университеттерди абройлуулугу, материалдык-техникалык жабдылышы жана бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногундагы талапка ээ болушу боюнча баалайт. ЖОЖдорду салыштырып, негиздүү тандоо жасоого жардам берет.
EdNet рейтинги студенттерге жана ата-энелерге жогорку окуу жайларды салыштырып, негиздүү тандоо жасоого мүмкүнчүлүк берет.