Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) профессордук-окутуучулук курамы 11-12-майда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Анжиян мамлекеттик педагогикалык институтунда болушту.
Алар “Түрк элдеринин филологиясында фундаменталдык изилдөөлөр жана инновациялык билим берүү технологияларынын алкагында улуу акын Алыкул Осмоновдун 111 жылдыгына арналган” эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, студенттерге конок лекцияларды окушту.
Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун професору Гулина Жамгырчиева “Кыргыз фольклору жана манастаануунун учурдагы маселелери” темасында сүйлөдү. Окутуучулар Бусадат Алпаизова “Ырчылык өнөр кечээ жана бүгүн”, Кимсан Жолдошова “Ч. Айтматовдун образ түзүү чеберчилиги жана каармандар дүйнөсү” тууралуу лекция окушту.
Медициналык коллеждин доценти Таалайкан Исакова “Студенттердин байланыш кебин өстүрүүдөгү теориялык ыкмалар, маселелер”, Педагогика, искусство жана журналистика институтунун доценти Кызбурак Маданова “Кыргыз балдар чыгармаларындагы көркөм тилдик каражаттар, троптун түрлөрү” темаларын козгоду.
ОшМУнун өкүлдөрү ошондой эле Анжиян мамлекеттик педагогикалык институтунун окуу-усулдук ишмердүүлүгү, билим берүү процесси, илимий багыттары менен таанышышты. Эки окуу жайдын өкүлдөрү академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, окутуучулар менен студенттердин тажрыйба алмашуусун күчөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.