ОшМУнун студенттик кенеши жаштарынын республикалык конгрессине катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттик кенеши жаштарынын республикалык конгрессине катышты

Image

Студенттик кеңештин төрагасы Токторбай Кенжеев 14-15-майда Бишкекте өткөн Кыргызстан жаштарынын республикалык конгрессине катышты.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 120 делегат – облустук, райондук, шаардык жаштар кеңештеринин төрагалары, активдүү жаштар жана жаштар саясаты багытындагы өкүлдөр чогулду. Анда аймактардагы бул багытта аткарылып жаткан, пландалган иштер тууралуу маалымат берилип, жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.

Конгресстин жүрүшүндө жаштар кеңештеринин 2026-жылга карата иш-пландары тааныштырылып, жаштарды колдоо, лидерлик сапаттарды өнүктүрүү, мамлекеттик органдар менен кызматташууну күчөтүү темаларында панелдик талкуулар уюштурулду. Экинчи күнү делегаттар шаардагы тарыхый жана маданий жайлар менен таанышты.

Токторбай Кенжеевдин билдиришинче, иш-чара жаштарды мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырып, аларды ишке ашыруу процесстерине активдүү тартуу, ошондой эле мамлекеттик органдар менен  кызматташтыгын бекемдөө максатында өткөрүлдү.

ОшМУнун студенттик кеңеши жаштар үчүн интеллектуалдык, спорттук мелдештерди, дебат турнирлерин, “Манас таануу” таймаштарын жана маданий иш-чараларды уюштуруп келет. Алдыда “Акыл ордо” оюну, жаштар форуму өткөрүлөрү пландалууда. 

Фото галерея