ОшМУнун долбоору: Курбу-Таш көлүнө балык чарбасы уюштурулууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун долбоору: Курбу-Таш көлүнө балык чарбасы уюштурулууда

Image

Ош мамлекеттик университетинин ТооЭкоКонсалтинг борборунун кызматкерлери 16-майда Курбу-Таш илимий-өндүрүштүк участогундагы көлгө беламур, толстолобик, карп жана сазан балыктарынын биринчи партиясын кое беришти. 

Чабактар Өзгөн балык чарбасынан алып келинген. Аларды сууга коё берүү адистердин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, жаңы чөйрөгө ыңгайлашуусу үчүн бардык шарттар түзүлдү. Адистердин айтымында, балыктын бул түрлөрү суу экосистемасынын тең салмактуулугун сактап, көлдүн биологиялык продуктивдүүлүгүн жогорулатат. Ошондой эле демилге аймакта балык чарбачылыгын өнүктүрүп, келечекте кошумча экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. 

Аталган иштер университет тарабынан ишке ашырылып жаткан “Көчкүдөн деградацияга учураган топурак катмарын калыбына келтирүү: климаттын өзгөрүшү шартында тоо экосистемаларын коргоо үчүн агролесомелиорациялык иш-чараларды жүргүзүү жана биорекультивация” аттуу илимий долбоордун алкагында жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары долбоордун алкагында жаңы сатылып алынган бал челектер Куршаб аймагына жайгаштырылды. Адистер бул аймак аары чарбасын өнүктүрүүгө ыңгайлуу экенин белгилешет. 

Мындай демилгелер жергиликтүүлөрдүн киреше булактарын көбөйтүп, экологиялык таза продукция өндүрүүгө шарт түзөт. Долбоор климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктардан жабыркаган тоолуу аймактардагы экосистемаларды калыбына келтирүүгө, жер кыртышынын деградациясын алдын алууга, жергиликтүү калк үчүн туруктуу чарбачылык мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган.

 

Фото галерея