ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун колдонмо геодезия адистигинин студенттери «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» эл аралык темир жол долбоорунун Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече участогунда өндүрүштүк практикадан өтүштү.
Окуу-таанышуу 11–16-май күндөрү Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» жана «Көпүрө куруу отряды» мамлекеттик ишканаларынын адистери менен биргеликте уюштурулду.
Практика учурунда студенттер заманбап инженердик-геодезиялык технологиялар менен иштөөнү үйрөнүштү. Алар GNSS позициялоо системалары, электрондук тахеометрлер, лазердик сканерлөө, UAV (дрон) аркылуу аэротопографиялык тартуу, санариптик картография жана геомаалыматтык системаларды колдонуу боюнча тажрыйба топтошту. Ошондой эле AutoCAD Civil 3D, Credo жана GIS платформалары аркылуу темир жол трассаларын долбоорлоо, геодезиялык мониторинг жүргүзүү, инженердик эсептөөлөрдү аткаруу боюнча билимдерин бекемдешти.
Учурда колдонмо геодезия адистигинин күндүзгү жана дистанттук окуу бөлүмүндө 200гө жакын студент окуйт.
«Колдонмо геодезия адистигинин студенттери алгачкы жолу темир жол курулуш тармагында өндүрүштүк практикадан өтүштү. Кыргызстанда санариптик трансформациянын күч алышы менен инженер-геодезисттерге болгон муктаждык дагы да өсүүдө. Айрыкча, мейкиндиктик маалыматтарды санарип форматта иштетүү, 3D моделдөө, спутникттик мониторинг жана геоаналитика багытындагы адистер заман талабына ылайык эң керектүү кесип ээлеринин катарына кирүүдө. Ошондуктан бүгүнкү күндүн инженер-геодезисттери Кыргызстандын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, аймактарды пландаштырууга жана заманбап санариптик системаларды киргизүүгө салым кошкон келечектүү адистер болуп эсептелет”, –дейт доцент Динара Абжапарова.
Практикага доцент Динара Абжапарова, окутуучулар Жумашбек Токтосунов, Умаралы Мамыров жетекчилик кылышты.