ОшМУда “Кытай тилин окутуунун мыктылары” эл аралык мугалимдер сынагы өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда “Кытай тилин окутуунун мыктылары” эл аралык мугалимдер сынагы өттү

Image

6-июнда ОшМУнун Конфуций институтунда “Кытай тилин окутуунун мыктылары” аталышындагы эл аралык мугалимдер сынагы өттү. Сынакка Кыргызстандын төрт Конфуций институтунан жалпы 16 окутуучу катышып, өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин жана окутуудагы заманбап ыкмаларын көрсөтүштү.

Иш-чаранын ачылыш аземинде Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Лю Минь кытай тилинин элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту бекемдөөдөгү орду тууралу айтты.

Ал эми ОшМУнун санариптик трансформациялоо жана электрондук билим берүү боюнча проректору Элзарбек Эшаров куттуктоо сөзүндө кытай тилинин билим берүү, илим жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанисин белгиледи.

Сынактын жүрүшүндө катышуучулар ачык сабактарды өтүп, педагогикалык чеберчилигин, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн жана окутуудагы инновациялык ыкмаларды колдонуу жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында окутуучулар арасында ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу  Чэнь Чао жеңүүчү деп табылса, ыктыярчы мугалимдер арасында Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтунун окутуучусу Ло На  Ло биринчи орунга ээ болду.

Аталган сынак кытай тилин окутуунун сапатын жогорулатууга, мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна жана кыргыз-кытай билим берүү кызматташтыгын мындан ары чыңдоого өбөлгө түздү.

 

Фото галерея