Индустриалдык-педагогикалык коллежинин окутуучулары орус тили күнүн белгилешти

Башкы Жаңылыктар

Индустриалдык-педагогикалык коллежинин окутуучулары орус тили күнүн белгилешти

Image

4-июнда орус тили күнүнө жана А. Пушкиндин туулган күнүнө карата Индустриалдык-педагогикалык колледжинин (ИПК) окутуучулары тарабынан майрамдык иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенттери, ошондой эле Ош жана Кара-Суу шаарларындагы Билерман, Ломоносов, Салиева, Бабур атындагы мектептердин жана Э. Тельман атындагы №49, №134 орто мектептеринин окуучулары, мугалимдери катышты.

Майрамдын алкагында катышуучулар «Ырлар көчөсү», «Бий аянтчасы», «Музыкалык короо» жана «Театр көчөсү» аттуу тематикалык аянтчалар аркылуу кызыктуу театрлаштырылган саякатка чыгышты. ИПКнын окутуучуларынын балдары да активдүү катышып, орус тили боюнча билимдерин тартуулашты. Алар А.С. Пушкиндин чыгармаларынан ырларды көркөм окуп, бий өнөрүн тартуулашты. Иш-чарада «Дүйнөнү өзгөрткөн аял» сынагынын финалисти Жамиля Досматова сыйланды.

Жыйындын соңунда Ош шаарындагы Орус үйү Индустриалдык-педагогикалык коллежге орус тилиндеги жаңы китептерди белекке тапшырды.

Майрамдык салтанатты коллежин окутуучулары, «Евразия» уюмунун насаатчысы Жамиля Досматова, окутуучулар Дилбар Акматова, Гүлсере Эрназарова Ош шаарындагы Орус үйү менен биргеликте өткөрүштү.

Фото галерея