КАБЫЛ АЛУУ: Педагогика, искусство жана журналистика институту. Кандай адистиктер даярдалат?

Башкы Жаңылыктар

КАБЫЛ АЛУУ: Педагогика, искусство жана журналистика институту. Кандай адистиктер даярдалат?

Image

Институт башталгыч класс мугалимдерин, тарбиячы-методисттерин, мыкты журналистерди жана таланттуу бар өнөр ээлерин даярдайт. Алыскы жана жакынкы аймактарда жетишсиз болуп жаткан жумуш орундарын кадрлар менен камсыз кылып келет. Мыкты педагог адистерди, журналисттерди, көркөм өнөр, музыка, эстрада, дизайн багытында, азыркы базар экономикасынын талаптарына ылайык, жаңы технологияларды колдоно билген, ар тараптуу, атаандаштыкка туруштук бере алган, жогорку билимдүү адистерди даярдоону максат кылат.  

Педагогика, искусство жана журналистика институтунун профессордук-окутуучулук курамы Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайджан, Түркия Орусия, Кытай, Корея, Жапония, Индия, Пакистан, Малайзия, Сингапур, Америка, Улуу Британия,  Германия, Италия, Испания, Венгрия,  ж.б. чет өлкөлөрдө болушуп, квалификацияларын жогорулатып келишет.

Институтта студенттер менен магистранттар академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркия, ж.б. мамлекеттерден окуп билим алып алышууда.

Институтту учурда п.и.к., доцент Божонов Замир Сабиржанович жетектеп келет.

Педагогика,  искусство  жана  журналистика институту кандай адистиктер боюнча билим берет:

 

Жогорку кесиптик билим берүүчү багыттар/Бакалавр

Педагогика: Башталгыч билим берүү;

Педагогика: Мектепке чейинки билим берүү жана логопедия;

Психология

Журналистика

Реклама жана коомчулук менен байланыш

Көркөм билим берүү:

- Музыкалык искусство;

- Көркөм өнөр искусствосу.

Музыкалык эстрада өнөрү

Дизайн: костюм дизайны; интерьер дизайны

Костюм жана текстиль искусствосу

Актердук өнөр

Режиссура (Кино, ТВ)

 

Магистратура

Педагогика:

-        Башталгыч билим берүү;

-        Мектепке чейинки билим берүү;

-        Социалдык педагогика

-        Педагогикалык эмес адистер үчүн билим берүү

Психология

Журналистика

Көркөм билим берүү:

-Музыка;

- Көркөм өнөр искусствосу.

Костюм жана текстиль искусствосу

-        Костюмду көркөм долбоорлоо

Журналистика

 

 

ОшМУ жөнүндө жана абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү байланыш булактары аркылуу сурап, биле аласыздар:

Негизги телеграм канал: https://t.me/oshstateuni

Инстаграм баракчабыз: @oshsu.kg

Call-центр байланыш кызматы (996) 770111110

Сайт: www.oshsu.kg

Е-mail: priem@oshsu.kg

Факс: 0(3222)70915

Телефон:  0(3222)70818,

 

Биздин дарек: Алымбек датка көчөсү 331, ОшМУнун башкы корпусу,

Кабыл алуу комиссиясы: 137-каана

Институттун буклети

Фото галерея