Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжине караштуу Алдыңкы тажрыйба борборунда түштүк региондогу орто кесиптик окуу жайларынын окутуучулары үчүн уюштурулган 6 айлык окуу программасы ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Окуунун алкагында 29 угуучу төрт модулдан турган билим берүү программасын толук өздөштүрүп, педагог квалификациясына ээ болушту. Курска мектептерде, кесиптик лицейлерде жана колледждерде эмгектенген, педагогикалык билими жок, бирок окутуучулук ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан адистер катышты.
Программа катышуучулардын педагогикалык компетенттүүлүгүн жогорулатууга, заманбап окутуу технологияларын өздөштүрүүгө жана билим берүү процессин натыйжалуу уюштуруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.
Окууну ийгиликтүү аяктаган угуучуларга тиешелүү квалификациялык документтер тапшырылды.
Жаңы окуу жылына кабыл алуу уланууда.
Төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот:
📞 0773 74 24 24
📞 0707 20 62 69