Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан өткөрүлгөн “Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү” конкурсунун жеңүүчүсү болгон Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин окутуучусу Мамай уулу Женишбектин “Эко-Арт жашыл демилгеси” долбоору ийгиликтүү ишке ашырылды.
Долбоордун алкагында алгач чыгармачылык жана практикалык иштерди жүргүзүүгө ылайыкташтырылган атайын устакана даярдалып, керектүү шарттар түзүлдү. Андан соң устакананын ишин камсыздоо үчүн бардык зарыл болгон инструменттер жана жабдуулар сатылып алынды.
Кийинки этапта жаштар жана кызыкдар каалоочулар үчүн практикалык тренингдер уюштурулуп, катышуучулар экологиялык багыттагы чыгармачылык иштерди аткаруу боюнча билим жана тажрыйба алышты. Тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар кайра иштетүүгө жарактуу материалдарды колдонуу менен түрдүү пайдалуу жана көркөм буюмдарды даярдашты.
Долбоордун маанилүү жыйынтыктарынын бири катары катышуучулар тарабынан даярдалган бардык эмгектер ОшМУнун “Ыйман” балдар бакчасына белек катары тапшырылды. Бул демилге жаштардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү менен бирге коомдук жоопкерчиликти жана кайрымдуулук маданиятын чыңдоого өбөлгө түздү.
“Эко-Арт жашыл демилгеси” долбоору жаштардын экологиялык аң-сезимин жогорулатууга, пайдалуу көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө жана коомго пайдалуу иштерге активдүү катышуусуна шарт түзгөн ийгиликтүү долбоорлордун бири. Ал жаштар арасында экологиялык маданиятты калыптандыруу, чыгармачылык жөндөмдөрдү өнүктүрүү жана айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилени жайылтуу максатын көздөйт.